"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" Эл аралык кинофестивалын Голливуд каскадёрлору ачышат
12-декабрда старт алчу “Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” фестивалынын салтанаттуу ачылышын Голливуд каскадёрлору ачышат. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары билдирди. Уюштуруучулардын айтымында, 12-декабрь күнү Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрынын аянтында каскадёрлор оюн көрсөтүү үчүн даярдык жүрүүдө. Ошондой эле уюштуруучулар мындай оюндар чет элдик конокторду жана фестивалдын катышуучуларын көчмөн маданияттын бир бөлүгү менен тааныштыруу максатында жасалып жатканын кошумчалашты. Эске салсак, “Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” фестивалы "Манас" кинотеатрында 12-декабрдан 15-декабрга чейин өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.