Кыргыз-Тажик чек ара жаңжалында курман болгон Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү жерге берилди








Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда курман болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркум аскердин жакын досу билдирди.
Анын айтымына караганда, Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында жерге берилди.
"Эсентур досубуздун сөөгү Ак-Муз айылында бүгүн, саат 16:00дө жерге берилди", - деди маркум аскердин досу.
Эсентур Кубанычбек уулу Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты чек арадагы чырда каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
portugalia

01.05.2021. 18:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кош баатыр,Жайын жаннаттан болсун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.