super.kg logo

Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен экинчи жолу сүйлөшүүсү: "Бардык атышуулар толугу менен токтоп, аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилди"

 

Бүгүн, 1-майда эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегация төрт пункттан турган протокол кабыл алышты. Кабыл алынган протоколдогу чечимдер аткарыла турганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу жолугушуудан чыгып, журналисттерге комментарий берип жаткан учурда айтты. Айтымында, бардык атышуулар толугу менен токтоп, аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилген.

"Биз бүгүн жолугуштук. Анда төрт пункттан турган протокол түзүлдү. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Ооба, бүгүн биздин эл жана коңшу эл өтө оор учурду башынан өткөрүп жатат. Бизде трагедия болду, окуяны эки элдин трагедиясы деп айтсак болот.

Бул учурда бизге жолугуп, сүйлөшүү да кыйын болуп жатты. Бирок ага карабай, эки өлкөнүн башчыларынын бүтүмү менен биз жолугушуп, бардык атышууларды толугу менен токтотулуп, бардык аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилди. Мындан ары коңшуларыбыздын аракеттери жана биздин аракеттерибиз менен өлкөлөрдө, айрыкча чек ара аймактарында тынчтык жана бейпилдик орнойт", - деди Ташиев.

Эске салсак, бүгүн, 1-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү болду.






Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун сүйлөшүүсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
01.05.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Моюнунузга аласызбы жоопкерчилик? Биз айылга барып жашайберели... Коркуп эч Ким баралбай жатат!
01.05.2021. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Elaman0693,Койгула барбай тургула.ишенич жок буларга
01.05.2021. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чек араны срочно жапкыла тажиктерди кууп чыккыла!До конца бутсун чыр!
01.05.2021. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Колунардан боктун иши келбейт экен Ташиев

01.05.2021. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан дагы кечекидей болбойбу? Тажик тарап барып эс алып, тамак ашын жеп, мылтыктарын октоп кайра келбейт деп ким кепилдик берет?
01.05.2021. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KGZ-RUS абайласаң, сендеги абалды биз да түшүнүп турабыз, бизде да ошол көйгөй, каныбыз кайнап турат. Сен эки мамлекет эмес бир үйдүн тагдырын чече аласыңбы? Тажик калкын билбестир сиң, балким билесиң. А биз булар менен канча жылдан бери кошуна жашайбыз. Булар бүгүн ант ичет, эртең унутат. Ташиев дагы атайын унчукпай турган жок, дараметибиз жетпейт биздин. Өзүбүз менен өзүбүз кырылышып атабыз го. Эл аралык деңгээлде тынчтык жолу менен чечүүнүн аргасын кылып атышат. Сөгүнгөнүң менен уят эле.
01.05.2021. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KGZ-RUS уят болгонуң эле калат. Ал жакта митинг, бул жакта адам жан берип атса. Мына кыргыздын шумдугу, ынтымагы жоктугу.Митингди көргөн тажик жөн отурабы. Лар биздин ушул алсыз жагыбыздан пайдаланды. Ар нерсени балдырай беребиз. Чоңураак чычып койсо да митинг. Буга чейинки бийликти деле көрдүк. А бул согуш биринчи эмес, жылда чыгат. Жылда атышуу бир жылда 5, 6 жолу болот. Ташиев мурдагылардын чычып кеткен богун тазалап атат азыр. Түшүнүп кой. Жакшылап ойлон эгер ойлонууга мээң жетсе.
01.05.2021. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaraisyn,жылда чыкпайт,качан кордун эле ушул убакытка чейин.тажиктер кыргыз айылын басып алып,уйлорун бузуп талкалап,оздорунун желегин илгенин.Же жылда ушундайбы жыл сайын беш алты жолу болуп,ызы чуу болгон сайын 30 35тен Адам олуп турабы.озунду ото акылдуу сезбесен.бийликтикин жалагын келсе башка жол менен жала.бул жакта жыл сайын болгон уруш деп калп айтпай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: