super.kg logo

"Лейлек районуна 60 тонна гуманитардык жардамды өзгөчө кырдаалдар министри алып кетти" дейт өкмөт өкүлү

 

Гуманитардык жардамдар даректүү жеткирилип жатат. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, башка аймактардан келген гуманитардык жардамдар айрым айылдарга түз жеткирилүүдө.

"Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча 14 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Жардамдар Баткен облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кампасына түшүп жатат. Андан ары даректүү бөлүштүрүлүп, райондорго, шаарларга жеткирилип жатат.

Алсак бүгүн, 1-майга карата кампада 12 миң 220 литр таза суу, 9 жарым тонна ун, 1 миң 640 килограмм кумшекер, 20 миң килограмм картошка, 5 миң 370 килограмм күрүч, гречка, 8 жарым миң литр өсүмдүк майы, 11 миң 132 килограмм макарон, 4 миң 240 килограмм сабиз, пияз жана башка төшөк-жууркан, оюнчуктар бар.

Бүгүнкү күндө Лейлек районуна 60 тонна гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министри гуманитардык жүктөрдү өзү алып кетти. Мындан тышкары Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына жүктөр жөнөтүлүп жатат. Келип түшкөн кайрылууларга жараша жардамдар берилмекчи", - деди ал.

28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду

1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.05.2021. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамак ашты болуштуруп жаткандар амаанатка кыянат кылбай элдин акысын озуго бергиле ушул жерде да бизнес кылып ийбегиле.биз ошол уйдон качып чыгып кочодо калган туугандарыбызга аз да болсо жардам бердик и токтоп калбай жардам бере беребиз аман болгула Ыйык кундордо туткан орозобузду Аллах кабыл кылган болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: