super.kg logo

Генерал-майор Мелис Турганбаев: "Бул окуялардын болуп кетишине Тажикстан тараптын күнөөсү чоң"

 

Мелис Турганбаев Баткендеги окуя боюнча пикирин билдирип, коңшу тараптын күнөөсү чоң экенин айтты.

"Акыркы учурдагы Баткенде чек арада болуп өткөн каргашалуу окуялар баарыбызды түйшөлтүп, ар бир кыргыздын жүрөгүн оорутуп, ар бирибиздин көкүрөгүбүздү өйүтүп турат.

Албетте, бул окуялардын болуп кетишине Тажикстан тараптын күнөөсү чоң. Кыргыз элинин бир кездеги жакшылыгын унутуп, ыйык Орозо айында тынч жаткан элге ок атып, мыйзамсыз аракетке барды. Бирок даанышман айкөл элибиз тажик тарапка өчөшүп кан төгүүдөн алыс болду. Бул аң-сезимдүү адамдардын, түпкүлүктүү элдин кадамы. Жоокердик руху күчтүү элибиз учурда канчалык каны кайнап турса да, бир колунун ачуусун бир колу менен басып, ынтымагын, айкөлдүгүн көрсөтүүдө. Мен элиме, өзгөчө жаштарга ыраазычылыгымды билдирем. Бул менимче, туура кадам. Кыргыздар азыр бир муштумга түйүлүп, бир желектин астында, бир мамлекет башчысынын тегерегинде биригүүсү зарыл. Учурда биздин негизги милдетибиз жана максатыбыз ошол болуусу керек. Биз кыргыз бийлигин канча сындабайлы, канчалык бири-бирибизге ишенбестигибизди билдирбейли, бир кайыктабыз. Мекенибиз бир. Азыр президент, өкмөт, күч структуралары да болгон аракетин жумшап, күнү-түнү иш алып барышууда. Аларга биз да көмөктөшөлү.
Кыргыз, тажик - бир тууган эл. Тажикстанда азыркы мезгилдеги президенти Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылгандар болуп, ар түрдүү пикирлер жаралууда. Ылайым эки эл тынчтыкта жашасын. Ортодо от жанбасын.

Абал турукташкандан кийин өлкө башчыбыз бул окуянын чыгып кетишине, алдын алуучу иштерден калпыстык кетишине ким күнөөлүү экенин анализдеп, териштирет деген тилектебиз. Тажикстандын аракетине да саясий-укуктук баа берилер.

Дагы белгилей кетүүчү жагдай, канча жылдан бери Баткенге өзгөчө статус берүү керектиги айтылып келүүдө, бирок ишке ашырылбайт. Бул маселе өтө маанилүү экенин учурдагы окуя дагы бир жолу тастыктады. Жакынкы аралыкта Баткенге, деги эле чек арада жайгашкан айылдарга өзгөчө статус берилип, ар түрдүү жеңилдиктер каралышы кажет. Бир кездерде дал ушундай айылда жашагандарга жашын, кулк-мүнөзүн, аскердик даярдыгын карап, кооптуу учурларда чек арачыларга көмөк көрсөтүү үчүн мыйзамдуу курал-жарак берилүү маселеси каралган. Деги эле, бул нерсе дүйнөлүк практикада бар. Ушул жагын да карап көрсөк болот.

Ал эми чек арада каза болгондордун үй-бүлөсүнө өтө оор болуп турат. Биз аларга кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз жана сабыр тилейбиз", - деп билдирди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.05.2021. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тажик бир тууган эмес! Болбойт дагы! Алар перс тегине кирет. Өтө начар эл!
01.05.2021. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыздын кыраандарын - Рыспек, Баяман, Алмамбеттерди жок кылдынар бийлик. Эми тажиктерди күнөөлөп отура бергиле
02.05.2021. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу генерал-майор деп айтпагылачы.Колунан эч нерсе келбегенден кийин
02.05.2021. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал кармаганга уруксат беруу керек,Баткен облусунун кыргыз жарандарына.Себеби баарыныздарга тушунуктуу эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: