super.kg logo

"Көпчүлүгүнүн кан басымы жогору". Саламаттыкты сактоо министри дарыгерлер тобу менен эвакуацияланган жарандарды текшерди

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Бишкектен барган дарыгерлер тобу эвакуацияланган жарандарга медициналык кароо жасашты. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министр белгилегендей, жаңжал чыккан аймактардан Исфана шаарына эвакуацияланган тургундарга кароо жүргүзүлүп, мындан ары дагы зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлөт.

"Көпчүлүгүндө кан басымдын жогору экени, стресс абалында болуп жатканы белгилүү болду. Азыркы учурга карата медициналык каражаттар, дары-дармектер жетиштүү көлөмдө. Ошентсе дагы медициналык каражаттардын запасын түзүү максатында Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаментине, Милдеттүү камсыздандыруу фондуна зарыл болгон дарылардын тизмеси жөнөтүлдү", - дешет мекемеден.

Кыргыз-Тажик чек арасында чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалдан улам жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду.

1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: