super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору: "Баткендеги медициналык жайларда 27 бейтап дарыланууда"

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам каза болгондордун жана жабыркагандардын саны бүгүн, 1-май саат 21:00гө карата өзгөргөн жок. Тагыраагы, жаңжалдын кесепетинен жалпы 174 адам жабыркаса, анын 34ү курман болду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков брифингде маалымдады.

"Жабыркагандардын 49у Бишкекке которулуп, тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Ал эми Баткен облусундагы биргелешкен ооруканасында 7, Лейлек жалпы дарыгерлик практикалык борборунда 1, Самаркандек жалпы дарыгерлик практикалык борборунда 2, Кадамжай ооруканасында 16, Кызыл-Кыяда 1 бейтап дарылануусун улантып жатышат", - деди ал.

Куралдуу жаңжалдан улам жабыркагандардын ичинен 31и аскер адамдары, бирөө медицина кызматкери, 131и карапайым адамдар, дагы 10 бейтап тууралуу жеке маалыматтар такталууда.

Кыргыз-Тажик чек арасында чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланды.

1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: