super.kg logo

Түркия Баткендеги инфраструктураларды калыбына келтирүүгө жардам берерин билдирди

 

Түркия мамлекети баткендиктерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Бул туурасында аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Руслан Казакбаев менен болгон сүйлөшүүсүндө айтты.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 1-майда түрк тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү уюштурулду.

Анда Түркиянын тышкы иштер министри кыргыз элине көңүл айтып, 28-29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяларда каза болгон жана жаракат алган жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгиледи. Ошол эле учурда ал кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралар боюнча жетишилген келишимдерди түрк тарабы колдоорун билдирди.

Руслан Казакбаев кесиптешине ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы жетишилген келишимдер жөнүндө маалымат берди.

Мевлют Чавушоглу жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө түрк тараптын чечкиндүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын аймагын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык калыбына келтирүүдө Түркия ар тараптуу жардамга даяр экендигин билдирди.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду. Мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(8)
01.05.2021. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Аллахым ыраазы болсун Түркия элине
01.05.2021. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бизден кайтпаса,Алладан кайтсын колдоо үчүн чооң рахмат.
02.05.2021. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
беспилотник алгыла туркиядан!
02.05.2021. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Орустардын жардамынан сыпаа гана баш тартыш керек, шакалдар!
02.05.2021. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр оруска жакпай тазиктин колу менен Садырды суруп тушуром деп жатат,Бишкекте кундо митингке чыкан шакалдардыда ошол эшектер колдоп жатат бул жерде орустун колу турат ошого ок чыгара албай отурат биздин чондор орус менен согуша албайбыз моюнга алышыбыз керек.тазиктерди эки эле саатда алып коет эле биздин Армия
02.05.2021. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Россия чыныгы жузун корсотту. Орус Орус деп журуп бир куну олобуз го .Турк эли биринчи болуп бизди колдой турганын жардам берерин айтып кол сунду. Туркия менен мамилени чындап кызматташпай дагы деле Путин деп журосунор чондор . Орустар бизди сатты
02.05.2021. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
States,кудай сактасын бул просто политическая игра Антип айтпагыла. Согуш болсо жонокой Эл кырылат. Россия менен турктор оружияларын испитаниядан откорот болгону ошол
02.05.2021. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турктор менен мамилени кучотуш керек экен..жкн баштарга караганда мусулман калк..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: