Саламаттыкты сактоо министри Лейлектеги бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүп жүрөт






2-майдагы таңкы маалыматка ылайык, чек ара окуясында жабыркагандардын жалпы саны 178 адамга жетсе, тилекке каршы 34ү курман болду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев кечээ Лейлек районуна гуманитардык жардам келгенин айтты. Ал Лейлекте жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүүдө.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен адам өмүрү кыйылып, мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
Elaman0693

02.05.2021. 14:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах ыраазы болсун! 120депутат каякта? Эми барат окшойт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.