super.kg logo

"Киши өлтүрүү", "Чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана башка. Чек арадагы окуя боюнча 11 кылмыш иши иликтене баштады

 
Ички иштер министрлиги чек арага чектеш аймактарда катталган фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү баштады. Бул мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен кыргыз тарап көптөгөн зыяндарга учураганын министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"2-майга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз-Тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуулардын жүрүшүндө жасалган кылмыштар боюнча 11 материал катталган. Алардын ичинен 8 ишти Баткен РИИБинин тергөө кызматы, 3 кылмыш ишти Лейлек РИИБинин тергөө кызматы иликтеп жатат.
Баткен облусундагы иликтене турган иштердин өтө көп экендигине байланыштуу жергиликтүү тергөөчүлөргө жардамга ИИМдин тергөө кызматынан жыйырма тажрыйбалуу кызматкер жөнөтүлдү. Учурда келтирилген чыгымдын эсеби такталууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп маалымдашты.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдар: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинде (массалык баш аламандык), 380-беренесинде (тынчтыкка каршы кылмыш), 210-беренесинде (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо), 266-беренесинде (бейбаштык), 358-беренесинде (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 130-беренесинде (киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери, анын ичинде куралдан атуунун кесепетинен Лейлек районундагы он эки жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Головной тилкесинде миномёттен атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшү (саны такталып жатат), жолдордогу унааларды аткылоо, анын ичинде да курман болгондор катталган.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду.

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
02.05.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Козголгону менен пайда жокда.

Кана кимди кармап,камап ийесинер????
02.05.2021. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Muslim_KGstana., Биздин алсыз коркок бийликтин кучу куралсыз жонокой оз атуулдарыбызга гана жетет. Тилинди жулуп аламын, камаймын, сен чагымчылсын, провокаторсун, бузукусун деп.

Тажиктер шылдындап кетти, ошол тажиктерге тен келе албаган коркок бийлигибизге мин наалат болсун, ошончо маркумдун каны силердин мойнунарда....
02.05.2021. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аа эми тажиктен калган баткендиктерди булар камайтда
02.05.2021. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эл аралык сотко бериш керек!
02.05.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nuri9999, жомок айтпачы. Каяктагы эл аралык сот имиш? Буга чейин кимди же кайсы олкону чоголоткон имиш ошол сен ишенген сотторун?
Antiradikal3 түзөттү 2021-05-02 18:39:28
02.05.2021. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кылмыш козгой берип тажабадынарбы?А ошонун толку болсо гана.Биздин жоокерлерди текшерип эмнеге ок аттын кана октор деп ошолорду камаса керек
.
02.05.2021. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин солдаттарга козгоп коймой адаты бар эле, буйрук бербесек тынч жаткан тажик элине курал колдонду деп.
02.05.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Belek1710, биздин чимкириктердин колунан келээри ошол. Элди чагымчыл, бузуку, провокатор деп журот Жапаров баш болуп, дакансалары тош болуп, жуздоп миндеп троллдору кош колдоп. Жапаровдун чыныгы жузу ушул экен. Элди окко тосуп берсе троллдору "биз уттук, Жапаров кеменгер" деп мактап отурат......
Antiradikal3 түзөттү 2021-05-02 17:56:47
02.05.2021. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колуңардан кокос келбегенден кийин напик кереги бар иш ачып.Иш ачып акча алып уйронгонсунор ,а булар карматпайт да бербейт дагы.
02.05.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишти озубуздун СНБ кызматкерлерине,чекарачыларга козгош керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: