super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин карап жатат

 

Премьер-министр Улукбек Марипов учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда жаткан чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө жаракат алган жана жабыркаган жарандардын абалынан кабар алды.

Премьер-министр Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын кесепетинен ар кандай оордуктагы жаракат алып жабыркаган жарандар менен маектешип, өкмөт тарабынан чек ара маселесин чечүү жана конфликтти басаңдатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

"Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси чыр-чатакты ырбатпастан биримдик жана тилектештикти сактоо үчүн бардык күч-аракетти жумшообуз керек. Кыргыз элинин эрки ар дайым күчтүү болгон, ынтымак жана биримдик аркылуу кырдаалдан биргеликте татыктуу өтүп кете алабыз", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр маектешүүдө жабыркаган жарандарга тез арада ден соолуктары калыбына келүүсүн каалап, ал эми медицина кызматкерлеринен аларга карата аяр мамиле кылуусун өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: