super.kg logo

Баткен облустук мектеп-гимназияда 144 адам баш калкалап жатат

 

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Баткен облустук мектеп-гимназиясында убактылуу жайгашкан айыл тургундары менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө мында 144 тургун бар, анын 96сы балдар.

"Мен сиздердин абалды эң жакшы түшүнүп турам, анткени өзүм ушул жерде жашагам. Мындай нерсе орун албашы керек эле. Ондогон жарандарыбыз шейит кетти. Ким эмне дебесин, убакыт талдап баарын өз ордуна коёт. Азыр биз келечек тууралуу ойлошубуз керек. Бардык жабыркагандар компенсацияларды алат деп ишендирип кетем. Тийиштүү ведомстволор келтирилген зыяндын эсебин тактап жатат. Эч ким кароосуз калбайт. Негизгиси сабырдуулук, провокацияга алдырбашыбыз керек. Болгон окуялар дагы бир ирет чектерибизди чыңдоо зарылдыгын далилдеди. Учурда Баткен облусуна өзгөчө статус берүү үчүн документ даярдалууда. Мекенди жалтанбастан коргоого алган баатыр уулдарды тарбиялаган энелерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алар чыныгы каармандыкты жана кайратты көрсөттү. Азыр ар бирибиз тынчсыздануудабыз, жашы-кары дебей колдон келишинче жабыркагандарга көмөк берүүдө", - деди Марипов.

Улукбек Марипов белгилегендей, келтирилген зыяндын өлчөмү саналып бүтөрү менен талкаланган жана өрттөлгөн мүлктү калыбына келтирүү иштери башталат.

Өкмөт башчы ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.05.2021. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жердештерибизге кантип акчалай жардам беребиз, счеттор же болбосо телефон номерин бергилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: