Орус тарыхчысы: "1945-жылы Англия аскерлери миңдеген СССРдин туткундарын өлтүргөн"
1945-жылы Англия аскерлери саясий максаттарды көздөп, миңдеген СССРдин туткундарын өлтүргөн. Бул тууралуу атайын кызматтардын тарыхчысы Дмитрий Хохлов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.Хохловдун айтымында, окуя 1945-жылдын 3-майында орун алган.
"Англиянын аскер адамдары фашисттик концлагерлердин туткундары бар немис кемелерин аёосуз жок кылган. Туткундардын арасында АКШ, Канада, Франция, Италия жана башка бир топ өлкөлөрдүн жарандары болуп, алардын көпчүлүк бөлүгү советтик жоокерлер болгон.
Кемеге абадан чабуул жасалып, 7 миңден 12 миңге чейин адам каза болгон. Алардын калдыктары ондогон жылдар бою жээктен табылып турган. Бул апаат адамзат тарыхындагы деңиз кырсыктардын ичинен 4-орунда турат", - деп билдирген Хохлов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
12:46
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















