Селена Гомес психологиялык триллер жанрындагы тасмага тартылат
Америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес режиссёр Петра Коллинздин "Spiral" психологиялык триллер жанрындагы тасмасында роль жаратат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, тасма социалдык тармактарга көз карандылыктан жапа чеккен мурдагы блогердин окуясын баяндайт.
Drake деген ысым менен белгилүү рэпер Обри Дрейк Грэм долбоордун аткаруучу продюсерлеринин бири. Буга чейин ал актриса Зендая башкы ролду ойногон "Эйфория" телесериалын тартууга катышкан.
Селена Гомес бир нече жолу чоң экрандарга чыккан. Ал Вуди Аллендин "Нью-Йорктогу жамгырлуу күн" мелодрамасында, Жим Жармуштун "Өлгөндөр өлбөйт" комедиялык коркунучтуу тасмасында жана башка көптөгөн тасмаларда роль жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.