super.kg logo

ИИМ: "Кыргыз өлкөсүндө мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды"

 

Өлкө аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 122-беренеси "мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" боюнча катталып, иш сотко жөнөтүлдү.

"Жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчисинин орун басары башкы директорунун жоктугунан пайдаланып, мамлекеттик органдарга жалган маалыматтарды берүү аркылуу эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу шылтоосу менен чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз өлкөсүнүн аймагына келүүлөрүнө уруксат берүүчү документтерди жасап жүргөн. Бул кызмат көрсөтүүсү үчүн сый акы алып жүргөнү маалым болгон.

Аталган ЖЧКнын башкы директору болгон чет өлкөлүк М.К. аттуу жаран өлкө аймагынан тышкары чыгып кеткенден бери, анын орун басары жүргүзгөн ишмердүүлүк жасалма болгон. Жогорудагы ЖЧКда чет өлкөлүк жарандар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмес жана тиешелүү болгон документтери жок башка иштерде иштеп жүргөндүгү аныкталды. Аталган ЖЧКда чет өлкөлүк жарандарга өлкө аймагына келүүсү жана жүрүүсү боюнча мыйзамсыз кызматтарды көрсөтүлүп келген. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүбүздүн элге жумуш жок болуп жатқанда четтен келгендерге жумушка уруксат бербей эле коюш керек
03.05.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ордунда өлүм жазасы болсун мындай чыккынчыларга.
03.05.2021. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай былыктар тойгозду,мамлекетке каршы иш жургузгон сукалар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: