super.kg logo
  Саясат  

Президент Атамбаев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директорун кабыл алды

 
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 21-октябрда Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Сарож Кумар Жаны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жолугуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк банк менен кызматташуусундагы ар тараптуу маселелер талкууланды. Өлкө башчы аталган өнүгүү институту менен алаканын маанилүүлүгүн белгилесе, Сарож Кумар Жа Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын 2013-2017-жылдар боюнча улуттук стратегиялык өнүгүү программасындагы айрым долбоорлорду каржыларын билдирип, Ак илбирсти сактоо боюнча форумга катышуу үчүн келгенин кошумчалады. Жолугууга Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Александр Кремер да катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: