Башкы прокуратура: "Тажикстан жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны бузуп, себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарга ок чыгарышты"
Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлеринин жогорудагыдай аракеттери Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен суверендүүлүгүнө карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгинелейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2021-жылдын 29-апрелинде саат 04:40 ченде Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Көчө-Бою аттуу жеринде Баткен районунун жергиликтүү тургундары менен тажик жарандарынын ортосунда кагылышуулар болгон.
Андан кийин Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салышып, Кыргыз өлкөсүнүн калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышкан.
Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңылоо, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат.
Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөөнү жүргүзүү жагы УКМКга, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.




1 |