super.kg logo

Тажик тараптын кол салуусунан улам талкаланган турак жайларды оңдоого 700 миллион сом бөлүндү

 

Чек ара чырында талкаланган имараттарды калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүнгөн, анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана оңдоп-түздөөгө жумшалат. Ал эми калган 200 миллион сому талкаланган жана өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.

Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов 10го жакын турак жай талкаланган Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Айтымында, учурда келтирилген зыяндын көлөмүн эсептөө үчүн атайын комиссия иш алып барып жатат.

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат. Ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат.

Мындан тышкары бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Көк-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
04.05.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенге жеткенче7000мин сом болуп калбаса эле,ишеничда жокко чыгып баратат(
04.05.2021. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу биздин олкодо ошондой болунгон акчаларды алдына ала контроль кылган жана товарды дун баада базар баасынан арзан алып берген служба керек, анан дагы кычкачты 600 $ долларга алып журбой.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: