super.kg logo

Жакынкы 10 жылда жок болуп кетиши мүмкүн болгон кесиптер айтылды. Кайсы кесиптер?

 

Көпчүлүк классикалык кесиптер олуттуу эволюцияга туш болушат. Мисалы, айдоочулук кесип жок болуу коркунучунда. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин проректору Александр Сафонов билдиргенин орус басылмалары жазышты.

"Азыртан эле көптөгөн мамлекеттерде автопилоттук системдер сыноодон өтүп жатат. Мисалы, тепловоздор, электровоздор, трамвайлар, троллейбустар, автобустар толугу менен автоматташтырылып жана айдоочусуз жүрүп калышы мүмкүн. Бул кесиптердин ээлери алардын ордун электроника ээлесе, эмне кылсам болот деп ойлонушу керек. Мурда учактын экипажы 5 адамдан турган - анда механик, штурман жана учкучтар болуш керек эле. Эми кнопкаларды басып турган эки адам жетиштүү. Келечекте учакты бир адам башкарып калышы мүмкүн", - деп билдирди Сафонов.

Эксперт ошондой эле бухгалтердик кесип жоголбой, тескерисинче кескин өзгөрүп кетет деген пикирин билдирген.

"Бухгалтер чыгымдарды жана кирешелерди эсептөөчү гана эмес, ал чыгымдарды анализдөөчү адам. Ал барган сайын аудитордун, салык консультантынын ролун аткарып калат", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.05.2021. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу кой бакканды качан электрондошот экен а ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: