Өрттөлгөн имаратта желек желбиреген "Достук" заставасынын бүгүнкү көрүнүшү




29-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн Баткен облусундагы Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан айылдарына кол салуу болгон. Агрессивдүү кол салуу Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалып, анын кесепетинен 36 адамдын өмүрү кыйылды. Ошол күнү кол салгандар тарабынан өрттөлгөн үй, мектеп, дүкөндөрдүн катарында Баткен районундагы "Достук" чек ара заставасы дагы бар.
29-апрелде кечке жуук интернет желелерине төмөндөгү сүрөт тарап, Чек ара кызматы Тажикстан тарабынан "Достук" заставасына дагы кол салуу болгонун ырасташкан.
Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашкан "Достук" заставасы 2019-жылдын январь айында салтанаттуу түрдө ачылган. Анда аскерлер үчүн керектүү шарттар түзүлгөн, ал аскерлердин моралдык-психологиялык абалын жакшыртуу максатын да эске алуу менен салынган. 1999-2000-жылдары Кыргыз өлкөсү башынан өткөргөн каргашалуу окуядан кийин аталган аймакка застава куруу чечими келип чыккан. Ага чейин мында чек арачылар үчүн жайлар болгон эмес. "Достук" чек ара заставасы 12 чакырым аралыктагы жерди кайтарып турат.

Бул контейнер эмес. Сендвич панелдер. Аябай тез курулат, жана чачылышы да тез.
Бул заманбап курулуш. Ушундай ыкма менен кирпич цемент жетпеген жана кыска убакытта курула турган имараттарды курушат.
Сендвич панел. Заманбап кыска убакытта курула турган ыкма.