super.kg logo

Аламүдүн районунда ок-дары жана баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды

 

Чүйдүн Аламүдүн районунда ок-дары жана баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Буга чейин Аламүдун РИИБинин кызматкерлерине бир эркек киши үйүндө ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда Аламүдүн районундагы айылдардын бириндеги кароосуз калган үйдө жашаган эркек киши аныкталган. Териштирүү учурунда ал буга чейин бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы Б.З. аттуу жаран экендиги такталган.

Аны кароо учурунда жанынан желим баштыкка оролгон өңү кочкул жашыл түстөгү зат табылып, жүргүзүлгөн экспертизанын негизинде баңгизаты экендиги аныкталып, жалпы салмага 69,38 граммды түзгөн.

Андан сырткары 5,45 миллиметр калибрдеги жана 12 миллиметр калибрдеги ок-дарылар табылган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Алынган бардык далил буюмдарга экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: