Тажикстан тараптын кезектеги актануусу. Эми Кыргыз жарандарын барымтага албаганын айтышууда
Тажикстандын кол салуусунан улам орун алган жаңжалдан 10 Кыргыз жараны тажик чек арачылары тарабынан барымтага алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Тажикстандын Исфара шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Зубайдулло Шомадов билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Шомадов Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн делегацияларынын жолугушуусу учурунда бул темада сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөндүгүн баса белгилеген.
"Мындай көйгөй болгон эмес. Мен түздөн-түз катышкам. Бир дагы Кыргыз жараны тажик аскерлери тарабынан барымтага алынган эмес", - деген Шомадов.
29-апрелде таңга маал Тажикстан тараптын кол салуусунан орун алган жаңжалдан тажик тарап Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысын жана 9 жергиликтүү тургунду барымтага алышкан. Кийинчерээк, 1-майда саат 20:00дө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 Кыргыз жараны кайтарылган.


Андан мурун тундо эки баланы алып кетишип, бизде эмес деп, кан издери менен табышканго зорго, кан из болбосо булар тан албайт эле деп апасы айтса тан калгам чон эле адамдар жалган суйлоп деп, ал алдаганы эч нерсе эмес турбайбы. Жалган суйлогон адамдан периштелер качат, такыр жактырбайм жалганчыларды. Фактылар туруп дуйно элин алдагандан коркпосо, бири бирин алдап кана жашайт экенда демек.