super.kg logo

Beeline’дан жаңы тарифтер: Билим берүүнүн чоң дүйнөсү сиздин колуңузда!

 

Beeline дистанциялык билим берүү рыногунда жигердүү иштөөнү улантып, окуучулар жана студенттер үчүн жаңыланган тарифтерди «жаңы Билим онлайн» жана «жаңы Билим онлайн жума», ал эми мугалимдер үчүн «жаңы Мугалим онлайн» тарифтик пландарын даярдады.

Пандемия башталгандан бери билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Мектептердин жана башка билим берүү мекемелеринин жабылышы дүйнөдөгү студенттердин 94 пайызына таасирин тийгизген. Көпчүлүгүнө дистанциялык билим берүүнүн жаңы форматына көнүү керек болуп, онлайн билим берүү чөйрөсүн жаңыланууга түрткү болду. Beeline уюлдук оператору четте калбай, өлкөбүздүн билим берүү тутумун өнүктүрүүгө өз салымын кошууга ниеттенүүдө. Окуу жылынын аякташына 1 ай убакыт калды, аны оңой жана ыңгайлуу кылуу үчүн жаңы, өркүндөтүлгөн тарифтик пландарыбызды туташтырууну сунуштайбыз. Мектеп окуучулары жана студенттери үчүн биз эки тарифтик планды сунуш кылабыз:

• “жаңы билим онлайн” – болгону 285 сомго төрт жума ичинде Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom тиркемелерге чексиз мүмкүнчүлүк берилет, ошондой эле билим берүү ресурстарынын топтомуна акасыз трафик, тармак ичинде чексиз чалуулар SMS'тер менен жана 20 ГБ интернет-пакет берилет.

• “жаңы билим онлайн жума” – 105 сомго бир жума ичинде Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom тиркемелерге чексиз мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле билим берүү ресурстарынын топтомуна акасыз трафик, тармак ичинде чексиз чалуулар SMS'тер менен жана 8 ГБ интернет-пакет берилет.
Тарифтерге кошулуу үчүн: эгерде сиз студент болсоңуз, паспортуңуз жана студенттик күбөлүгүңүздү, а эгерде сиз окуучунун ата-энеси болсоңуз, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүү керек.

Ошондой эле ушул оор мезгилде мектеп жана университеттин мугалимдерине жүктөлгөн жүктү эске алып, Beeline жаңыланган тарифтик планды сунуштайт “жаңы Мугалим онлайн” – болгону 285 сомго төрт жума ичинде Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom тиркемелерге чексиз мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле билим берүү ресурстарынын топтомуна акасыз трафик, тармак ичинде чексиз чалуулар SMS'тер менен биздин өлкөнүн башка уюлдук операторлорунун номерлерине акысыз 100 мүнөт жана 30 ГБ интернет-пакет берилет.

Мугалимдерге тарифке кошулуу жана которуу үчүн иштеген жеринен маалымкат жана паспортун көрсөткөндөн кийин мүмкүн болот.

Жогорудагы кызматтардын бардыгын Beeline сатуу жана тейлөө борборлорунда кошо аласыз https://beeline.kg/ru/map
Тарифтик пландар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин сайтка шилтеме алыңыз https://beeline.kg/ru/products/tariffs
Beeline: Сизге кам көрүүдө!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: