Тажикстанга контрабандалык товарлар өтүп жатабы? Чек ара кызматынын жообу
Бүгүн, 4-майда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик тилкесиндеги учурдагы кырдаал тууралуу маалымат жыйын өттү. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмдүн начальниги Мирзамир Сыдыков катышууда.
Журналисттер тарабынан ага социалдык тармактарда контрабандалык товарлар өтүп жатат деген маалыматтар чыгып жатат, ушул канчалык деңгээлде туура деген суроо берилди.
"Учурда Кыргыз өлкөсүндө мындай факты каттала элек. Блогерлер ар кандай туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Факты катталса атайын пресс-релиз даярдалып берилет", - деп билдирди ал.
Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги учурдагы абал жөнүндө маалымат
Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бул бийликтин бетине көө болот