Депутаттар "Каржы министрлигинин айрым кызматкерлери 150 миң сом маяна алат" дешти
ЖКнын депутаты Анарбек Калматов "Каржы министрлигинин айрым кызматкерлери айына 150 миң сом маяна алышат",- деди Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 21-октябрдагы жыйынында. Депутат Каржы министрлигинин бюджети 5 миллиард сом, Ички иштер министрлигинин бюджети 2 миллиард сом экенин айтты.
"Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу тармагына өтө аз акча бөлүнөт",- деди Калматов.
Каржы министри Ольга Лаврова мекеменин борбордук аппараты үчүн 400 миллион сом гана бөлүнө турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

