super.kg logo
  Спорт  

"Тарыхында биринчи жолу". "Манчестер Сити" Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты

 

Бүгүн, 5-майга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын экинчи жарым финалдык беттеши болуп өттү.

Анда англиялык "Манчестер Сити" клубу өз үйүндө Франциянын "ПСЖ" клубун кабыл алды. Оюн башынан эле чыңалуу менен башталды. Эки команданын футболчулары тең коргонууда дагы, чабуулда дагы мыкты болушту. Биринчи бөлүктүн 11-мүнөтүндө "Манчестер Ситинин" чабуулчусу Рияд Марез эсеп санын ачты. Биринчи бөлүктүн калган мүнөттөрүндө эсеп саны өзгөрбөй, футболчулар эс алууга кетишти.

Экинчи бөлүк "ПСЖ" клубунун активдүү болуусу менен башталды. Чабуулчу Анхель Ди Мариянын бир нече ирет кирип баруусун "Манчестер Ситинин" коргоочулары токтотуп жатты. Арадан көп убакыт өтпөй, 63-мүнөттө Кевин Де Брёйненин чыгарып берүүсүн Рияд Марез голго айлантып, "ПСЖ" оюнчуларынын жеңишке болгон маанайын суюлтту. Оюндун калган мүнөттөрүндө эсеп саны өзгөрбөй, "Манчестер Сити" турнирдин финалына чыкты.

Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 4:1 болуп, "Манчестер Сити" футболдук клубу өз тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты.

"Манчестер Сити" - "ПСЖ" (2:0);

Голдор: Рияд Марез (11-м, 63-м).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: