super.kg logo

Кыргызстандагы "Газпром" компаниялар тобу Баткен облусуна 5 миллион сомдон ашык каражатка жардам берди

 

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусунда болуп өткөн кайгылуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алды. Күнөөсүз жарандарыбыздын өлүмү ар бир кызматкердин жүрөгүндө калды. Биздин мамлекетибиз үчүн бул чоң сыноо жана элибиз ынтымактуулугу, кайраттуулугу жана чыдамдуулугу менен бардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенебиз.

"Ушундай оор учурда биз да четте турбастан, Баткен облусуна жана жабыр тарткан мекендештерибизге жардам көрсөтүүнү чечтик", - деп маалымдашты компаниялар тобунун өкүлдөрү.

Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү 5 миллион сомдон жогору. Алар:

  • акча каражаттары – 2 миллион 500 миң сом;
  • 1 миллион 500 миң сомдук медикаменттер;
  • 1 миллион сомдук 12 000 литр күйүүчү-майлоочу май – 3000 литрден Кыргыз Республикасынын ӨКМ, ИИМ, МЧК жана Коргоо министрлигине бөлүндү;
  • 100 комплект турмуш-тиричилик техникалары.

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан көз жумгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт жана бардык жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.05.2021. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунун 30 пайызы Баткенге жетсе суйунуш керек а так чондордон артпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: