super.kg logo

Индияда өлкө боюнча карантин киргизүүнү талап кылышууда

 

Индия оппозициясы коронавируска байланыштуу кырдаалдын курчуп бараткандыгына байланыштуу бийликтен өлкө боюнча карантин киргизүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди чектөөлөр экономикага зыян келтирет деп чочулап, буга ар тараптан каршылык көрсөтүүдө. Аргумент катары ал шейшембиде жаңы ачылган оорулардын саны 355 миңге түшкөнүн айткан.

Индиядагы пандемиянын экинчи толкуну коопсуздук эрежелеринин бузулушунан, улуттук майрамдарды жана шайлоолордун уюштурулушунан күчөп, анын себебинен көптөгөн ооруканалар адамдарга толуп кеткен. Тест, диагностика жана дарылоо маселелери, ошондой эле керебеттердин, дары-дармектин, ал тургай кычкылтектин жетишсиздиги өлүмдүн кескин өсүшүнө алып келди.

26-апрелге карата алынган маалыматтарда Индияда 17 миллион адам коронавирус илдетин жуктуруп алган, алардын ичинен 192 миң бейтап оорудан көз жумган. Бирок бул официалдуу гана сандар, реалдуу жашоодо ооругандар жана каза болгондор мындан да көп болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: