super.kg logo

"Баламдын кийимин уурдап, сатып жибердиң...". Баткенде бөтөлкөлөшүн сабаган 40 жаштагы тургунга сот өкүм чыгарды

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда 40 жаштагы тургун өзүнүн жакын таанышын мас абалда "сен менин баламдын кийимин уурдап, сатып жибердиң" деп сабап, башына таш менен уруп жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучунун ден соолугу начарлап, иш сотко өткөн. Соттук процесс уланып отуруп, айыпталуучуга карата өкүм чыккан. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2021-жылдын 16-февралында болгон. Анда Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын көчөлөрүнүн биринде өзүнүн 1976-жылы туулган жакшы таанышы менен спирт ичимдигин ичип, пикир келишпестикен уруша кетишкен. Айыпталуучу мас абалда аны "эмне сен менин баламдын кийимин уурдап, сатып жибердиң?" деген шылтоо менен атайын денесине жараат келтирүү максатында ичине уруп, бутуна тээп, жерге жыгылтып, жерде жаткан ташты алып башына уруп, денесине жаракат келтирген.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун ден соолугунун кыска убакытка бузулушуна алып келген жеңил жараат келтирилип, эмгек утурумдуулугун 7 күндөн 21 күнгө чейинки кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жаракат алган.

Айыпталуучу 1981-жылы Ош облусунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, Кыргыз жараны, мурда соттолгон эмес. Бүгүнкү күндө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында жашайт.

Соттук отурумда жабырлануучу эч кимге доосу жоктугун билдирген

"Мен ал таанышым менен өз ара жарашып алдым, ага карата эч кандай дооматым жок. Кылмыш ишин кыскартууну суранам", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган

"Мен толугу менен күнөөмдү моюнга алам жана кечирим сурайм. Жасаган ишиме өкүнүп жатам. Соттон жазамды кыскартып берүүңүздү сурайм", - деген ал.

Өкүм:

Сот бардык тараптын пикирлерин угуп, жыйынтыкка келет. Айыпталуучу менен жабырлануучу жарашып алышкандыгына байланыштуу жазык иши өндүрүштөн кыскартылсын. Айыпталуучу жазадан бошотулсун.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.05.2021. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шордууну экоо элдешкенине карабай ,кыйла эле сааган чыгар .Бул тергоочулор оной менен олжону койуп жиберишпейтго!
zhunusali түзөттү 2021-05-05 16:53:35
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: