super.kg logo

Индияда сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды

 

Индияда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан каза болгондордун рекорду жаңыланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 338 миң 439 адамдан аныкталды. Ошол эле мезгилде 3 миң 780 бейтап аталган оорудан улам каза болгон. Мурунку рекорд 2-майда катталып, анда сутка ичинде коронавирус менен ооруган 3 миң 689 бейтап каза болгон.

Индия коронавирус катталган өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 20 миллион 664 миң 979 адамдан коронавирус аныкталды. 226 миң 188 адам каза болсо, 16 миллион 951 миң 521 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: