Садыр Жапаров Москвада өтө турган Жеңиш парадына чакырылбай турганы айтылды
Президент Садыр Жапаров Улуу Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москва шаарына чакырылган жок. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кремлдин басма сөз катчысынын айтымында, Жеңиш күнүн белгилөө үчүн президент Садыр Жапаровдун Москвага келиши азырынча күтүлбөйт.
"Жок, азырынча пландар жок" деген ал.
Буга чейин Песков 9-майда Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгын белгилөө үчүн бул дата юбилейлик эмес болгондуктан, чет мамлекеттерден келген конокторго атайын чакыруулар жиберилген эмес деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
6

Путинге рахмат. Канча жылдан бери ар тараптан колдоп келе жатканына. Эсептеп олтуруунун кереги жок.
Иштейм деген адам аракет кылат. Кечээги Баткен окуясынан кийин вообще эки жүздүү экенин билдим, ушунчалык эр жүрөк болсо башталганда барбайт беле, түштөн кийин интернетке чыгып алып сассыбай
Кысчуу жеринерди кыссып тиричилик кылгылачы орустарга асылбай, суу ичкен кудугуна тукурбо дегендей,и так бизге коптогон женилдиктер болуп тайтандап кеттик.