"Үйүм толугу менен күйүп кетти...". Баткендин Арка-2 айылынын тургуну гуманитардык жардам адилеттүү бөлүнбөй жатканын айтты
Баткендин Арка-2 айылынын тургундарына гуманитардык жардамдар жетпей жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Райхан Сатыбалдиева SUPER.KG порталына билдирди.
Райхан Сатыбалдиева алардын айылына кол салган тажиктер эч нерсесин калтырбай тоноп кетишкенин айтты.
"Айылда эң көп биздин көчө жабыркады. Тажиктер үйүбүздө эмне болсо, ошонун баарын алып кетишиптир. Ал эмес ар бирибиздин үйүбүзгө кирип жашашыптыр. Менин үйүм толугу менен күйүп кетти. Башкалардын үйүн аткылашыптыр. Октордун чачырандылары жатат. Бирөөнүн унаасын уурдап кетишиптир. Азыр эми ушинтип жабыркап отурсак, айыл башчылар, айылдык кеңештин депутаттары башка аймактардан келген гуманитардык жардамдарды элге бербей, кампаларга, мечиттерге сактап коюп жатышат. Бергиле деп барсак өзүбүз беребиз деп, дааналап беришет. Эмне үчүн бербей жатканы түшүнүксүз.
Социалдык тармактарга жүктөп, жарыя кылгандан кийин айыл башчы келип "Эмне болуп жатасыңар?" деп жатат. Жалаяктар фуралап келди го. Балалуу энелерге дааналап берип жатат. "Качкыла" дегенде жаныбыз аман калсын деп эч нерсебизди алууга үлгүргөн эмеспиз. Биз жалпы коомчулукка айта кетмекчибиз. Гуманитардык жардамды алып келгендер үймө-үй таркатып, элдин батасын алып, ыраазычылыгын уксун. Жогорку жактагыларга берип, чыныгы жабыркагандарга жетпей калып жатат", - деди ал.
Эске салсак, Баткенде кырдаал курчуп кеткенден кийин өлкөнүн дээрлик бардык аймагынан юридикалык жактар, жергиликтүү тургундар жабыр тарткандар үчүн гуманитардык жардамдарды жөнөтүшкөн.
Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.
"Арка-2 айылынын тургундарына гумпомощь берилбей жатат", -дейт айылдын тургуну

















1 |