Азамат Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды
Азамат Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-03-04
22:59
2026-03-03
Рейтинг:
-2
-2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















