super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 154 миллион 763 миң 588 адам жуктуруп алды.

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 154 миллион 763 миң 588 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 91 миллион 247 миң 14 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 237 миң 435 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 6-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 557 миң 299 болду. 579 миң 265 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 20 миллион 665 миң 148 адамдан аныкталды. 226 миң 188 адам каза болсо, 16 миллион 951 миң 731 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 930 миң 183 адам вируска кабылган. 414 миң 399 бейтап көз жумса, 13 миллион 232 миң 438 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: