super.kg logo

Пикир келишпестиктен балага бычак сайган. Ысык-Атада өспүрүмгө кол салганга шектелип 58 жаштагы жаран кармалды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жашы жете элек балага бычак сайганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-май күнү болжол менен саат 19:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, анда 2003-жылы туулган бала бычактан алган жаратынан улам келип түшкөнү айтылган.

Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыккан. Териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жабырлануучунун апасы милицияга арыз жазып, бейтааныш эркек киши мас абалында пикир келишпестиктен улам балама бычак сайып жиберип, белгисиз тарапка из жашырып кетти деп билдирген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Шектүүнүн алгач аты-жөнү такталып, андан соң жашаган жери аныкталган. Бирок ал үйүнө келбей из жашырып жүргөндүктөн, коомдук жайлар, каралбай калган имараттар, мейманканалар жана башка аймактарда издөө иштери жүргүзүлгөн. Көп өтпөй 1962-жылы туулган М.Н. аттуу шектүү тааныштарынын биринин үйүндө милиция кызматкерлеринен жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: