super.kg logo

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектүү жаран 1 жылдан кийин Бишкектен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун аймагында алдамчылыкка шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында Кара-Көл ШИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 19-октябрында Алтын деген жаран арыз ээсинин Мерседец-Бенц 814 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын 550 миң сомго сатып алып, анын 100 миң сом накталай акчасын берип, калган 450 миң сомун бир айдын ичинде төлөп кутулам деп тил кат жазып берген бойдон ушул күнгө чейин дайынсыз болуп качып жүргөндүгүн жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Тергөө учурунда шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1980-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Бирок ал жүргөн жерин жашырып, тергөөгө келбей качып жүргөндүктөн, тергөө кызматы тарабынан шектүүгө карата издөө жарыяланган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, 2021-жылдын 26-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан качып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эгерде бул сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 03746 102, 0778 01 20 01, 0559 70 06 09.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2021. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакалын сербейтип коюп алып алдамчылык кылган афферистер тойгозду. Динди жаман корсотуп буто турган болдунар, сакалынар сербейгени менен кыпындай ыйман жок журогунордо!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: