super.kg logo

Садыр Жапаров чек ара чырында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн айтты

 

Бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду.

Президент бүгүндөн баштап Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы, заманбап турак жайлар куруларын белгиледи. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда.

Ошондой эле талкаланган социалдык жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү иштери да башталат.

Садыр Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтып берди. Донордук долбоордун аркасында мобилдик клиникалар 5 жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Ошону менен бирге мамлекет башчы жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү суроолоруна жооп берди. Эл негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөк пулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроолорун узатышты.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: