super.kg logo

УКМК: "Социалдык тармакта тарап жаткан Камчыбек Ташиев Тажикстандан кечирим сураган видео фейк"

 

Социалдык тармакта Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүү учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандан кечирим сураган видео тарады.

Видеодо Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми экинчи тарапта Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов жана башкалар катышканын көрүүгө болот.

Ошондой эле видеодо Камчыбек Ташиевдин "Биз тажик эли менен ынтымакта жашайбыз. Бизди кечиргиле" дегенин угууга болот.

Аталган видео боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматына байланышканыбызда, видео монтаждалганын билдиришти.

"Социалдык тармакта тарап жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүү учурунда Тажикстандан кечирим сураган видео монтаждалган, тагыраагы фейк", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.








Социалдык тармакта Кыргыз-Тажик чек ара чыры боюнча сүйлөшүүдө Камчыбек Ташиев экинчи өлкөдөн кечирим сураган видео тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
06.05.2021. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Фейк эмейле чын эле го.извините нас дегенде тажик делегациялардын мыйыгынан жылмайып жиберди го
06.05.2021. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Актануу башталды
06.05.2021. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандай эле фейк боло берет? Билбей кечирим сурап алыпмын де ха ха.
06.05.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Наоборот баткака батырбай колдоп тургулачы эй, Тажиктердин окмоту кочого чычып койсода ушул жер мурда туалет болчу деп колдоп жататко, , биздикилер бир созунон кармап атка тартат тооба
06.05.2021. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baiaman997,колдой турган жери болсо колдойбузбу
06.05.2021. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
modem4999,анан эмне тажикти колдойлубу? Канча бузук
06.05.2021. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жакшы оюңар жок экен да ээ силердин. Ал нерсе бир эле Ташиев менен аллага гана белгилүү. Өзү [moderated] дегенге да ишениш керек эмес болуп калды. Өзүңөрдү бир коюп көргүлө ошонун ордуна, силер эмне демексиңер. Албетте кечирим сурамак эмессиңер. Анткени мээңер жок. Ал дагы ошондойдур фейктир.
06.05.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошол мээси жок диванный эксперттер, оозунун кыймылдаганда көрүнбөйт го, силер кайдан көрдүңөр. Силерге окшогон эл ичиндеги мите курттар тажиктерден жаман. Кечээки окуялар сабак болбогондугу өкүнүчтүү. Ушундай мезгилде бири бирибизди колдогондор көрө силерге окшогон эл бузарлар жарга түртүп жатышат. Качан пейлиңер оңолот? Качан кара негатив жазасынар. Бириң Садырчы, бириң Адаханчы, бириң арабчы, бириң теңирчи, түндүк- түштүк, Оштук-Чүйлүк. Минтип отурсак Кыргызстанды жеп алабыз го. Биргели!!!
06.05.2021. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урматтуу Ташиев Баткен элинен ушинтип кечирим сурашы керек.
Кечиргиле мен баламдын туулган кунуно кетип калдым эле...
06.05.2021. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кандай фейк эмес эле баары чынго
06.05.2021. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камчы брат Кыргызстанда тим эле такалбай сүйлөйт тажиктин алдында сууга түшкөн мышык болуп калыптырго
07.05.2021. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул мурда тартылган окшойт, баары эле маскасы жок отурушат го. Пандемия учурунда маскасы жок жолугушуу болгону чындыка жатпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: