super.kg logo

"Газпром Кыргызстан" жана "Газпром нефть Азия" компанияларынын кызматкерлери согуштун ардагерлерин куттукташты

 

Мамлекетибиздин эң негизги майрамынын бири Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн алдында «Газпром Кыргызстан» жана «Газпром нефть Азия» компанияларынын кызматкерлери согуштун ардагерлерин куттукташты.

Азык-түлүк баштыктары жана материалдык жардам Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир катышуучусуна жана ардагерине, Ленинград блокаднигине жана жашы жете элек концлагердин туткунуна тапшырылды.

9-майга карата ардагерлерди куттуктоо компаниялар тарабынан демилгеленген эң негизги кайрымдуулук иш-чаралардын бири болуп саналат. 15 жыл аралыгынан бери компаниялардын кызматкерлери кыргызстандык Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына өзгөчө көңүл буруп, Улуу Жеңиш күнү менен жыл сайын куттуктап келишет.

"Убакыт учкан куштай, күн сайын ошол коркунучтуу жана каармандык көрсөткөн жылдардын катышуучулары арабыздан азайып бара жатат. Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине жеке алкышыбызды айтканга жана сый көрсөткөнүбүзгө кубанычтабыз", - деп маалымдашты аталган компаниялардан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: