super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, шаар мэрлерин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү ыйгарым укуктарын акимдерге берүү маселеси талкууланууда

 

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, шаар мэрлерин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү ыйгарым укуктарын акимдерге берүү маселеси талкууланууда.

Мыйзам долбоору акимдерге айыл өкмөт башчыларын шайлоо үчүн жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүүгө ыйгарым укук берүүнү сунуштайт.

Депутат Замирбек Эсенамановдун айтымында, долбоор акимдин ролун күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Депутат Аалы Карашев кошумчалагандай, айыл өкмөтүнүн башчыларына жана шаарлардын мэрлерине талапкерлерди район акимдери, ал эми Бишкек, Ош сыяктуу облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент көрсөтөт. Жергиликтүү кеңештерге үчтөн кем эмес талапкер болууга тийиш экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: