Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол кура турганы расмий кабарланды

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан Кыргыз-Тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана Кыргыз-Тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло-Ворух жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.
Андан сырткары эки тарап №43, №61, №135, №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу келишимге келишкен.
"Бул жолдун статусу өзүнчө мамлекеттик келишим менен аныкталат. Тараптар бул жолду курууну макулдашып, топографикалык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районунун аймагындагы участканы изилдеп чыгуу тапшырылды.
Эки тарап Капчыгай айылынын чыгыш тарабы менен айланып өткөн Ходжаи Аъло-Ворух жолу курулгандан кийин Ворухтагы Кыргыз-Тажик чек арасынын линиясын долбоорлоого киришүүнү макулдашты", - деп белгиленет маалыматта.
Ошондой эле эки тарап кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү пландап жатышканы маалымдалды.


Ал аздай Озбекисианга сууларды, жерлерди бере турган болуп чыкты эле, эми тажиктерге жол салып бере турган болуп жатат. Мындан чыкты, тажиктерге тизе бугуп, чек аралар Озбекистан менен Тажикистандын пайдасына чечилээрин акмак да тушунуп бутту. Ата-энене наалат силердин, Жапаров менен Ташиев! Окшошкон саткындар!