Украинада эми эркектер да декреттик өргүүгө чыга алышат. Зеленский жаңы мыйзамга кол койду

"Мамлекет башчысы энелер менен аталарга ата-энелик өргүүсүн алууда бирдей укуктарды камсыз кылган мыйзамга кол койду. Документ эркектер менен аялдар үчүн эмгекти үй-бүлөлүк милдеттер менен айкалыштырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга арналган. Атап айтканда, атасынын бала багуу боюнча өргүүгө чыгуу укугун чектеген мыйзамдык кемчиликтер чечилүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Украинанын парламенти аталган мыйзам долбоорун апрель айында кабыл алган. Ал эми мыйзам расмий жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирет.
Мыйзамда жазылгандай, баланын ата-энеси бирдей укукта бала 3 жашка чыкканга чейин өргүү алуу укугун пайдалана алышат.
Мындан тышкары, иш берүүчү декреттик өргүү учурунда өз эсебинен ата-энелердин бирине балага керектөө үчүн жарым-жартылай акча төлөп берет.
Мыйзам ошондой эле өргүүнүн жаңы түрүн - бала төрөлгөндө бир жолку акы төлөнүүчү өргүүнү 14 календарлык күнгө чейин созот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zhazgul98

06.05.2021. 22:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Европада аталар балдарын кароого катышууга үндөө үчүн мындай чаралары кабыл алынып жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.