super.kg logo
  Спорт  

Бокс. Дүйнө чемпиондугу – 2013: Эрмек Сакенов чейрек финалга өттү

 
Эрмектин (кызыл формада) кийинки атаандашы казак мушкери Мерей Акшалов бул беттеште тажик мушкери жеңет деп божомолдогон
Эрмектин (кызыл формада) кийинки атаандашы казак мушкери Мерей Акшалов бул беттеште тажик мушкери жеңет деп божомолдогон

21-октябрь күнү Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 8-күнүндө 64 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Эрмек Сакенов чейрек финалга жолдомо алды. 1/8 финалда Эрмек күчтүү делген тажик мушкерин 3 раунддун жыйынтыгы боюнча 3:0 эсебинде жеңип алды. Бул Эрмектин Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы 3-жеңиши. Ошондой эле чейрек финалда Эрмек мелдеш кожоюну казак мушкери Мерей Акшалов менен беттешери белгилүү болду. Айта кетсек, быйыл Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунда Эрмек дал ушул казак мушкерине жеңилип, коло медаль тагынган болчу. Ал эми мелдеште жолун улантып жаткан дагы бир кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев (52 килограмм салмакта) бүгүн, 22-октябрь күнү мелдештин кечки бөлүгүндө казак мушкери Ильяс Сулеймановго каршы беттешет. Эске салсак, Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстан 9 боксчу менен барган. Учурда алардын 7си мелдештен четтеп калды.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
22.10.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгилик каалайбыз кийинки беттештерге!!!!
22.10.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Алтын медаль алып келишинерди каалайбыз.
22.10.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очунду ал эми Эрмек, ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: