Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү үчүн электрондук кезекке туруу сунушталууда
COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү үчүн эми электрондук кезекке турууга болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.Билдирүүгө ылайык, эгер жарандар COVID-19'га каршы эмдөөдөн өтүүнү кааласа, vc.emed.gov.kg шилтеме аркылуу кирип, онлайн кезекке тура алат.
Ал эми электрондук кезекке туруу үчүн төмөнкү баскычтардан өтүү керек:
1. vc.emed.gov.kg шилтеме кирүү;
2. "Электрондук кезек" бөлүмүн тандоо;
3. Вакцина боюнча жазылган пункту толтуруу;
4. Эмдөө үчүн ыңгайлуу датаны тандоо;
5. Андан соң электрондук кезекке туруу талонун жүктөп алуу.
Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө 39 миң 26 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 3 миң 767си вакцинанын II дозасын алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















