"Литвага виза алып берем деп акчасын алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 3-мартта Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 14-январда 9-кичи районунан арыз ээсинин ишенимине кирип Литвага виза алып берем деген шылтоо менен 1 миң 200 доллар акча каражатын алып, убадасын аткарбай изин жашырганын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектелип 1992-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Милициядан учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.