super.kg logo

Жалал-Абадда жасалма паспорт менен жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан жасалма документтерди пайдаланган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан Өзбекстандын 1984-жылы туулган жараны кармалган.

"Аталган Өзбекстандын жараны 2018-жылы Ноокен районунун каттоо бөлүмү тарабынан Кыргыз жараны 1980-жылы туулган жаранга таандык жасалма паспорт менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Ошол эле күнү чет өлкөлүк жаран кармалып, камакка алынган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 358-беренеси "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кечээ, 6-майда соттун токтомунун негизинде жогорудагы жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүүдө 1980-жылы туулган С.Т. наамына алынган туулгандыгы жөнүндөгү жасалма күбөлүк, болжол менен 15 грамм марихуана баӊгизати, диний мазмундагы китепчелер жана уюлдук телефон табылып алынды. Учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.05.2021. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Андайлар Россияда толтура
07.05.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бишкекте да бир рейд жүргүзүп койсо жакшы болот эле. Мигранттарды текшерип.
08.05.2021. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда кыргыз паспортун,айдоочулук күбөлүктү пайдаланган тажик, өзбек жарандары көп.
11.05.2021. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип анан жардырышып тополон кыргызды жаман корсотуп жатышат атып салыш керек кармаганда каршылык корсотту деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: