super.kg logo

Интернаттагы 15 жашар баланын өлүмү. Балдарды караган эки санитар жумуштан алынды

 

Буга чейин Чүйдүн Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатта 15 жаштагы бала сабалып каза болгону маалым болгон.

Өспүрүмдүн өлүмү боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Социалдык камсыз кылуу департаментинин директору Актан Балбаков билдирди.

Анын айтымында, каза болгон баланын атасы жок, ал эми апасы Орусияда.

"Окуя 25-апрелде болуп жатат. Аталган мекеменин директору 26-апрелде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарына чалып, окуя тууралуу айтып берген. Андан соң министрдин орун басары министрликтин тийиштүү өкүлдөрүнөн турган 4 кызматкерди жиберген. Арасында мен дагы бар болчумун. Биз жерине барып, териштирүү иштерин жүргүздүк. Бардык кызматкерлерден түшүнүк каттар алынып, тийиштүү иштерди аткарып келгенбиз.

Биз күзөттө туруп балдарды караган санитарларга чара көрүү боюнча директорго сунуштама бергенбиз. Ошонун негизинде 2 күндөн кийин директор эки санитарды жумуштан алып, медайым менен дарыгерге катуу сөгүш бериптир. Баланы караган кызматкерлер шалаакылык кылып коюшкан.

Биз барган учурда каза болгон баланын туугандары дагы келиптир, аларга жолукканда бизден акыйкат тергөөнү суранышты. Учурда РИИБ тарабынан тергөө жүрүп жатат. Биз тараптан түзүлгөн комиссия кызматтык иликтөө менен алектенүүдө. Анын жыйынтыгы чыга элек", - деп билдирди Балбаков.

Окуянын чоо-жайы:

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, 25-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Москва районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө ар кандай жаракат алган 15 жаштагы психоневрологиялык интернатынын окуучусу келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, аталган интернаттын 12 жана 17 жаштагы балдары 15 жаштагы баланын денесине залал келтиришкен. Анын кесепетинен 15 жаштагы бала ооруканага жеткирилип, эртеси алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-беренеси "ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
07.05.2021. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2 санитарканы кызматтан алып, мед.айым, дарыгерге сөгүш берип кыйратыптыр. Санитарканын түздөн түз кызматы бул тазалыкты камсыз кылуу. Ал эми мед.айым менен дарыгердин милдети бул балдарды тарбиялоо же коопсуздугун камсыздоо эмес. Алар ден-соолугун карашат.
Логика же кызматтагы милдетин билбеген адамдар жоопкерчиликтүү орундарда отурат бизде.
07.05.2021. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абсолютно тиешеси жок кызматкерлер жоопкерчиликке тартылып, ал эми түздөн түз шалакылыгы барлары дагы эле ак тоок болуп иштеп кала беришет экен.
07.05.2021. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оорулуу баланы олумго жеткирген адамга кудай жазасын берсин Ким болсо да.Башка балдарга шылтап коюш да оной.психоневрологиялык оорулуу балдар ал жерде Бир бирин олтуро урбаса керек.Тарбиячылардан коруп жатам.Кудай озу кечирсин туура эмес ойлоп жатсам.
07.05.2021. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдар уйлорундо жаман жооруктар болот ,аларды башка нерсеге даярдайт Аны кээ бир аттуу баштуу адамдар эле атайын кылат деп бир адвокат чуркап жургон болчу если жарыя кылсан семьянды ойло деп ,ошондо ишенсе болобу ушул кепке
08.05.2021. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulizaa,бир аз ачыгыраагын жазсаңыз
08.05.2021. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каза болгондон кийин туугандарынын келгени кимге кереги бар?!
08.05.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Директор анан кимдин козомолундо болгон ошолорду жоопко тартып камаш керек. "Акча" берген.болбосо тартмак. Жумуштан алып озун кутулуштун амалы бул.
08.05.2021. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Санитарка эмес санитар дер турат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: