super.kg logo

"Президент - абдан ыңгайлуу жүргүнчү". Путиндин мурдагы башкы учкучу анын учуудагы жүрүм-турумун айтып берди

 

"Орусия" атайын учуу бөлүмүнүн башкы директору, президенттин мурдагы башкы учкучу Константин Терещенко Орусиянын президенти Владимир Путиндин учуудагы жүрүм-турумун айтып бергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, эгер мамлекет башчысы иш сапары менен учса анда ал бортто көп иштейт. Ал экипаждын ишине кийлигишпейт, адъютант аркылуу учкучтардан ар кандай отчётторду алат.

"Президент - абдан ыңгайлуу жүргүнчү. Кандай кырдаал болбосун дайыма сабырдуулук менен мамиле кылат. Эч кандай талаптарды койбойт. Ал учуунун чоо-жайын сурап же бизде кандайдыр бир көйгөй жаралса гана тактай алат. Учуунун аягында ал экипаж мүчөлөрүнө ар дайым ыраазычылыгын билдирет", - деп билдирген ал.

Ошол эле маегинде ал өзүнүн эмгек жолу учурунда Михаил Горбачев менен Виктор Черномырдинди ташып жүргөндүгүн, ошондой эле Борис Ельцин менен учкан экинчи учкуч болгонун айтып берген. 2017-жылы президент Путин ага учууга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.05.2021. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизге бул Адам душман
08.05.2021. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Djumahmatov,Убагында бир канча жардамдарын берип келген, мындан кийин да берерине ишенем. Путин дуйно лидери, айланадагы жаман ойлуу адамдар бузат. Ниетибизди туз кылалы, буюрса баары жакшы болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: