БШК: "Шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү жыйынтык жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз"
Бишкек АШКнын Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партияларга жана талапкерлерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз-Тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуяларды кайгыруу менен кабыл алды жана курман болгондордун туугандарына, жакындарына терең көңүл айтат.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28-беренесине ылайык талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялар жана талапкерлер Баткен облусунун тургундарына кайрымдуулук жардам көрсөтүүсү жөнүндө келип түшкөн билдирүүлөргө байланыштуу Бишкек АШК шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүнү токтото турууну көптөн көп суранат.
Ага кошумча Бишкек АШК ЖМКларга жана интернет-басылмаларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жана эрежелерин бузуулар добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө иш жүзүндө таасир этүүчү бузуулар болуп саналарын түшүндүрөт.
