super.kg logo

Тажик тараптын кол салуусунан уулун жоготкон эне: "Эң улуу баламдан ажырагандан кийин уулдарымды жоготуудан коркуп жашап жүргөм. Эми дагы бир уулумдан ажырадым"

 

Тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунун кесепетинен каза болгон жарандын апасы Мамагүл Абдраимова эң улуу баласынан ажырагандан кийин уулдарын жоготуудан коркуп жашап келе жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

Ал жакынкы аралыкта үч жакын адамынан айрылганын билдирди. 2020-жылы сентябрь айында 95 жаштагы атасы каза болгон. Андан көп өтпөй 29-январда эң улуу баласы Бекназар Абдрахмановдон ажыраган. Бекназар Абдрахмановду унаа сүзүп кетип 25 жашында каза болгон. Эми андан 4 ай өтпөй чек ара чырынан экинчи уулу окко учту.

"Менин үч уулум бар болчу. Эң улуу баламдан ажырагандан кийин уулдарымды жоготуудан коркуп жашап жүргөм.

Эң кичүү балам Галбай "Шерде" иштейт. Чек ара чыры учурунда ага телефон чалсам "Апа, биз Головнойдобуз. Кыжалат болбоңуз" деди. Андан кийин уулум Баяманга телефон чалсам "Апа, ал жакка барбайм, унаа да жок, кыжалат болбоңуз" деп айтты. Ал мени кыжалат болбосун деп ошентип айтып коюптур. Көрсө ал иниси Галбайга тынчсызданып, ал жактагы аялдарды жана жаш балдарды куткарууга жардам берүү үчүн достору менен барышыптыр. Көк-Ташка жетпей жолдо бир унааны тажик аскерлери автомат, миномёттор менен аткылап салышканын көрүп, ичиндеги айдоочусу тирүү окшойт, жардам берели деп токтошуптур. Ошол жерде тажик тараптан ок атылып, Баямандын 4-5 жерине тийиптир.

Баткен шаарындагы ооруканага жарадар болгон аскерлерди алып келиптир десе, "Шерде" кызмат кылган кичине уулума кыжалат болуп барган элем. Ошол жерге Баямандын 2-3 достору жарадар болуп келди. Палатага кирсем Баямандын бир досу мени көрбөй "Балдар Баяман октон каза болуптур, уктуңарбы?" деди. Мен чочуп кетип "Баяманбы?" десем, эч кимиси унчукпай коюшту. Дароо өлүкканага чуркадым. Тизмеден баламдын аты чыккан жок. Кийин сиңдилерим, күйөө балдарым барып, түнкү саат 1:00 чамасында "Тез жардам" унаасы менен анын өлүгүн алып келишти. Экспертиза жүргүзүлүп, түнкү саат 2-3төрдө баламдын өлүгүн алып келишти. Анын 4-5 жерине ок тийиптир", - деп Мамагүл Абдраимова көзүнө жаш алды.

Мамагүл Абдраимова 2013-жылы жолдошу менен ажырашкан. Ал үч баласын өзү менен кошо алып кеткен. Баткен шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап келет.

"Баяман агасы Бекназар каза болгондон кийин "Апа, үйлөнүп, балалуу болсом атын Бекназар коём" деп ниет кылчу. Мына эми Баяманым да каза болуп, Бекназар уулумдун жанына кетти", - деди ал.


кошулду





Тажиктердин кол салуусунда 25 жаштагы уулунан айрылган эне

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
08.05.2021. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай жазаласын колунда куралы жок жарандарыбызды аткан тажиктерди.
Бул алсыздык. Куралы жок адамдарды аткылоо алсыздык. Кудай буйруса жазасын берсин.
08.05.2021. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан Жени жайлуу болсун !
Эже коп кайгырбаныз биз бардыгыз бара турчуу жер,биз барганда азыркы жоготкон адамдарыбыз тосуп алат.
Психологиялык жактан Адам корксо ошол болот ,ошону адам озуно тартат деп коп айтышат ,эжеге психологиялык да жардам кк го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: